Россиядагы Wildberries компаниясынын логистикалык борборлоруна жасалган дрон чабуулунан кыргызстандык ишкерлер да зыян тарткан болушу мүмкүн. Учурда келтирилген чыгымдын көлөмү такталып жатканын Кыргызстандын Экономика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, чабуул болгон кампаларда Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар, анын ичинде жергиликтүү тигүүчүлөрдүн продукциялары сакталган.
Кампалардагы товарлар текшерилүүдө
Учурда жабыркаган кампалардын аянты аныкталып, ичиндеги товарларга инвентаризация жүргүзүлүп жатат. Ошол эле учурда Экономика министрлиги кыргызстандык тигүүчүлөр жана ишкерлер арасында сурамжылоо өткөрүп, алдын ала чыгым тууралуу маалымат чогултууда.
Министрликтин билдирүүсүндө:
«Баалоо аяктагандан кийин маселени жөнгө салуу жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн Wildberries-Russ компаниясы менен кошумча жолугушуулар өткөрүлөт», — деп айтылат.
Азырынча кыргызстандык сатуучулардын канча товары жабыркаганы жана келтирилген зыяндын жалпы суммасы белгисиз.
Чабуул кайсы кампаларга жасалган?
Wildberries компаниясынын Краснодар жана Невинномысск шаарларындагы логистикалык борборлору 22-июлга караган түнү дрон чабуулуна кабылган.
Бул борборлор маркетплейс аркылуу товар саткан көптөгөн ишкерлердин продукцияларын кабыл алуу, сактоо жана кардарларга жөнөтүү үчүн пайдаланылат.
Зыянды баалоо иштери аяктагандан кийин товарлардын ордун толтуруу, компенсация берүү жана ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоо маселелери талкууланары күтүлүүдө.