Wildberries соккусу: кыргызстандык ишкерлерге насыя жеңилдиктери каралууда

/ Экономика / 6

Экономика жана коммерция министрлиги Wildberries маркетплейсинин айланасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ата мекендик ишкерлерди колдоонун кошумча механизмдерин иштеп чыгууда.

27-июлда министрдин орун басары Беназир Нурланованын төрагалыгы алдында жеңилдетилген насыялоо долбооруна катышкан финансы-кредиттик уюмдардын өкүлдөрү менен кеңешме өттү.

Жыйында Wildberries платформасындагы кырдаалдын ата мекендик өндүрүүчүлөргө, өзгөчө тигүү тармагындагы ишкерлерге тийгизген таасири жана алардын финансылык жүгүн жеңилдетүү жолдору талкууланды.

Талкуунун жыйынтыгында финансылык кыйынчылыкка кабылган тигүү тармагындагы ишкерлер үчүн негизги насыяны төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча сунуштар иштелип чыкты.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул чаралар ишкерлердин кредиттик жүгүн азайтууга, өндүрүштү жана жумуш орундарын сактоого багытталган.

Бөлүшүү https://infogo.kg/wildberries-sokkusu-kyrgyzstandyk-ishkerlerge-nasyya-jenildikteri-karaluuda/