Сүйүнбай Сатыбалдиев Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары болуп дайындалды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Жаңы дайындалган жетекчини Баткен районунун активине президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева тааныштырып, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, Сүйүнбай Сатыбалдиев буга чейин Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болуп эмгектенип келген.