Бишкек шаарында жол тыгындарын азайтуу жана коомдук транспортту өнүктүрүү боюнча жаңы чаралар сунушталууда. Мэрия тиешелүү президенттик жарлыктын долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарды.
Долбоордун негиздемесинде акыркы жылдары борбор калаада автоунаалардын саны кескин көбөйгөнү белгиленет. Бул көчөлөрдөгү тыгындардын күчөшүнө, жол инфраструктурасына жүктүн өсүшүнө жана экологиялык абалдын начарлашына алып келүүдө.
Маалыматка ылайык, Бишкектин жол тармагы башында болжол менен 50 миң автоунаага ылайыкталган. Учурда шаарда аймактардан күн сайын кирген транспортту эсепке албаганда да 400 миңден ашуун унаа катталган.
Ошол эле учурда күн сайын каттамга болжол менен 1,3 миң автобус жана электробус чыгып, алар 800 миңге жакын жүргүнчүнү ташыйт.
Коомдук транспортко артыкчылык берилет
Мэрия жол кыймылын жөнгө салууда коомдук транспортко артыкчылык берүүнү, айрым көчөлөрдө атайын кыймыл режимдерин киргизүүнү жана жол инфраструктурасын жаңылоону сунуштап жатат.
Ошондой эле жол тыгынына байланыштуу маселелерди бирдиктүү тартипте чечүү үчүн ведомстволор аралык штаб түзүү каралган.
Мындан тышкары, Бишкектеги транспорттук абалды жакшыртуу боюнча 2026–2030-жылдарга эсептелген комплекстүү иш-чаралар планын кабыл алуу сунушталууда.
Документ азырынча коомдук талкууда. Демек, анда көрсөтүлгөн чаралар талкуунун жыйынтыгына жараша өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн.