⚡ШАШЫЛЫШ Шайлоо эрежеси өзгөрүп, миң агитаторго чекит коюлду

Жапониядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 34кө жетти

/ Дүйнөдө / 4

Жапониянын Кюсю аралындагы Кумамото префектурасында болгон күчтүү жер титирөөдөн каза болгондордун саны 34кө жетти. Дагы беш адамдын абалы оор экени кабарланууда. Куткаруучулар урандылардын астында калган адамдарды издөө иштерин улантууда.

Жер титирөө 28-июлда болуп, Жапониянын метеорологиялык агенттиги анын күчүн 7,1 магнитуда деп баалаган. Эң оор кырдаал соода борборунда жана Яцусиро шаарындагы кагаз заводунда түзүлгөн: имараттардын бөлүктөрү урап, жер титирөөдөн кийин жарылуу да болгон.

Табигый кырсыктын кесепетинен миңдеген адамдар жарыксыз жана суусуз калды. Кырсык болгон аймакта абанын температурасы 35 градустан ашып, баш калкалоочу жайларда ысыктан жабыркоо коркунучу күчөдү.

Бийлик куткаруу иштерине миңдеген аскер кызматкерлерин жана өзгөчө кырдаал адистерин тартты. Адистер күчтүү афтершоктор, жер көчкү жана бузулган имараттардын кайра урашы мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Бөлүшүү https://infogo.kg/japoniyadagy-jer-titiroodo-kaza-bolgondordun-sany-34ko-jetti/