⚡ШАШЫЛЫШ Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт

«Жусуп» тарыхый тасмасы августта элге тартууланат

/ Маданият / 2

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин бири Жусуп Абдрахмановго арналган «Жусуп» толук метраждуу тарыхый-драмалык көркөм тасмасы август айынын аягында көрүүчүлөргө тартууланат.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, тасмада XX кылымдын биринчи жарымындагы тарыхый окуялар чагылдырылып, Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандыруудагы орду баяндалат.

Кинокартинада мамлекеттик ишмердин элине жана мекенине болгон берилгендигине, саясий ишмердигине жана татаал тарыхый мезгилдеги чечимдерине өзгөчө көңүл бурулган.

Тасмада ошол доордун атмосферасын мүмкүн болушунча так чагылдыруу максатында тарыхый жайлар, кийимдер жана башка деталдар кылдат даярдалган. Тартуу иштери Кыргызстанда, Россияда, Казакстанда жана Өзбекстанда жүргүзүлгөн.

Көркөм тасманын режиссеру — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият ишмери Таалайбек Кулмендеев. Долбоор Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин колдоосу менен ишке ашырылган.

«Жусуп» тасмасы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Жусуп Абдрахмановдун туулгандыгынын 125 жылдыгына арналган.

Бөлүшүү https://infogo.kg/jusup-taryhyj-tasmasy-avgustta-elge-tartuulanat/