Кыргызстанда улуттук оюн көк бөрүгө арналган онлайн-оюн пайда болду.
Иштеп чыгуучулар көк бөрүнүн негизги элементтерин санарип форматка өткөрүшкөн. Оюнчулар атчан каарманды башкарып, улакты талашып, атаандашынын тай казанына салууга аракет кылышат.
Оюнда улакты алуу үчүн оюнчу ага жакындап, атайын баскычты басышы керек. Эгер бир нече оюнчу бир убакта талашса, математикалык таймаш башталып, туура жооп берген оюнчу улакты ээлейт.
Упай улак тай казанга түшкөндөн кийин гана эсептелет. Ошондой эле оюнда кагылышуулар, аттын күчү жана командалык тактика сыяктуу көк бөрүнүн өзгөчөлүктөрү эске алынган.
Оюнду атайын тиркеме орнотпой эле bilimai.kg сайты аркылуу ойноого болот.