Кыргызстанда конфискацияланган алкоголдук продукцияны мамлекеттик «Кара-Балта спирт заводу» ишканасына өткөрүп берүү сунушталды.
Тиешелүү өзгөртүүлөр Министрлер кабинетинин салык салуу жана алкоголдук продукцияны жөнгө салуу боюнча токтомунун долбоорунда каралган.
Документке ылайык, салык органдары тарабынан конфискацияланып, мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн спирт камтыган жана алкоголдук продукциялар, акциздик алкоголсуз суусундуктар, ошондой эле этил спирти аталган ишканага берилет.
Завод аларды мыйзамда белгиленген тартипте кайра иштетүү же жок кылуу иштерин жүргүзөт.
Долбоордун авторлорунун айтымында, мындай чечим продукцияны сактоо, ташуу, экспертизадан өткөрүү жана жок кылууга кеткен бюджеттик чыгымдарды азайтып, сот чечимдеринин аткарылышын тездетет.
Мындан тышкары, айрым учурларда кайра иштетилген продукцияны сатууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, андан түшкөн каражат республикалык бюджетке багытталат.