Экономика

Экономика

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 10 миллиард долларга жакындады

Кыргызстандын мамлекеттик карызы май айынын аягында 9 миллиард 951,9 миллион долларга жетти. Каржы министрлигинин акыркы жарыяланган эсебинде мындан кийинки ай боюнча маалымат азырынча көрсөтүлгөн эмес. Жыл башынан берки беш айда…

Экономика

Президенттер Ысык-Көлдө 5 жылдыздуу мейманкана ачышты

Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жаңы Baku Resort & Spa беш жылдыздуу мейманканасы расмий ачылды. Салтанатка Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын башчылары…

Экономика

Улуттук банк валюта алмаштыруудагы эски чектөөнү толук жойду

Кыргызстандын Улуттук банкы коммерциялык банктар менен акча алмаштыруучу жайлардын валюта операцияларына байланыштуу 2022-жылы киргизилген убактылуу чектөөнү биротоло жокко чыгарды. Тиешелүү токтом 27-июлда кабыл алынып, 30-июлда расмий жарыяланды. Ал чектөө геосаясий…

Экономика

Бензиндин артынан авиабилеттер да кымбаттайт

Кыргызстанда күйүүчү майдын кымбатташы эми авиабилеттердин баасына да таасир эте баштады. Asman Airlines 1-августтан тартып айрым ички каттамдардагы тарифтерин жогорулатарын билдирди. 30-июль, саат 21:00гө карата жарыяланган акыркы маалымат боюнча, Бишкектеги…

Экономика

Улуттук банк: Эсептик чен өзгөргөн жок, инфляцияга көзөмөл күчөтүлөт

Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди өзгөртпөй, 12% деңгээлинде калтырды. Тиешелүү чечим 27-июлда кабыл алынып, 28-июлдан тарта күчүнө кирди. Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдиргендей, чечим инфляцияга таасир эткен…

Экономика

Wildberries соккусу: кыргызстандык ишкерлерге насыя жеңилдиктери каралууда

Экономика жана коммерция министрлиги Wildberries маркетплейсинин айланасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ата мекендик ишкерлерди колдоонун кошумча механизмдерин иштеп чыгууда. 27-июлда министрдин орун басары Беназир Нурланованын төрагалыгы алдында жеңилдетилген насыялоо долбооруна катышкан…

Экономика

Тигүүчүлөр менен маркетплейс селлерлеринин салыгы жыл аягына чейин нөлгө түшүрүлүшү мүмкүн

Кыргызстанда тигүү тармагында иштеген ишкерлер жана маркетплейстер аркылуу товар саткан селлерлер 2026-жылдын аягына чейин бирдиктүү салыктан толугу менен бошотулушу мүмкүн. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабековдун айтымында, жеңилдикти…

Экономика

$1,2 млрд кайда кетти? «Кумтөрдүн» мамлекеттик башкаруудагы жыйынтыгы айтылды

«Кумтөр Голд Компани» кен мамлекеттик башкарууга өткөндөн бери Кыргызстан бюджетине салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1,2 млрд доллардан ашык каражат которгон. Бул тууралуу компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы Болотбек Идирисов…

Экономика

Кыргызстанга таасир бере турган дүйнөлүк негизги процесстер. Мүмкүнчүлүктөр жана тобокелдиктер

Азыркы дүйнөдө бир өлкөнүн экономикасы жана коомдук жашоосу башка мамлекеттердеги окуялардан обочо өнүгө албайт. Геосаясий өзгөрүүлөр, дүйнөлүк рыноктордогу абал, климаттык процесстер жана технологиялык өнүгүү Кыргызстан сыяктуу чакан, ачык экономикасы бар өлкөлөргө да түз жана кыйыр таасирин тийгизет. Кыргызстан үчүн жакынкы…

Экономика

Кыргызстан сырттан 14,8 млн долларлык алкоголь сатып алды

Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктердин импорту экспорттон кыйла жогору бойдон калууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, январь–май айларында өлкө 14,8 млн долларлык алкоголь импорттосо, экспорт 913 миң долларды түзгөн. Импорттун негизги бөлүгүн күчтүү алкоголдук ичимдиктер түздү. Бул багытта 8,3 млн долларга жакын продукция сырттан алынып…